Баткенде 30 жаштагы жаранды издөөгө куткаруучулар менен кошо жергиликтүү жарандар да тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-август күнү Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын 30 жаштагы тургуну Кишемиш жайлоосуна мал айдоого кетип, кечки саат 18:00 чамасында ат менен Дөгмөн жайлоосу аркылуу үйүнө кайткан. Бирок үйүнө келген эмес.