УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн атынан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына 35 миллион сомдук атайын унааларды тапшырды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-августта Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана күзөтүү департаментинин борбордук аппаратында Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Камчыбек Ташиев бир эле учурда 36 адамга чейин ташууга мүмкүн болгон унаанын ачкычын тапшырды. Ошондой эле ЖАМКнын кызматкерлери үчүн алыскы аймактарга жана жол курула элек жерлерде зарыл болгон ыңгайлуу автобус, жылуулук изоляциясы бар фургон, тамак-аш (анын ичинде атайын мекемелерге) ташуу үчүн жана Лада-Нива Трэвел үлгүсүндөгү оперативдүү патрулдук унааларды тапшырды.
Мындан тышкары иш-чаранын катышуучулары колонналардын салтанаттуу өтүшүн, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ведомстволук жана өкмөттүк сыйлыктардын ыйгарылышын, "Омега" атайын багыттагы отрядынын жоокерлеринин өз өнөрлөрүн көрсөтүүсүн, клуб, жана ДОКтун аймагындагы музей, ошондой эле ЖАМКнын окуу борбору менен таанышышты.