Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги бир катар мектептердин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жапаров №6 автордук окуу комплексинин аймагындагы спорттук жана актовый залдары бар окуу корпусунун, №40 орто мектеп үчүн кошумча окуу корпусунун, ошондой эле Ак-Босого, Көлмө жана Ак-Ордо жаңы конуштарындагы орто мектептердин курулушу менен таанышты.
"Курулуш иштери өз мөөнөтүндө бүтүшү үчүн кошумча адистерди жана техникаларды тартуу менен курулуш иштеринин жүрүшүн тездетүү зарыл. Курулуштун сапатын контролдоо да күчөтүлөт. Көбүнчө жаңы конуштарда жайгашкан мектептер бардык зарыл болгон коопсуздук стандарттарына жооп бериши керек. Балдар үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүү маанилүү”, - деген Акылбек Жапаров.