Бишкекке 30га жакын атайын техника алуу боюнча меморандумга кол коюлду

Бишкек шаарына атайын техникаларды алып келүү боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Мэриядан айтылгандай, меморандумга Бишкек шаарынын мэриясы менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун ортосунда кол коюлду.

Жалпысынан турак жай-коммуналдык чарба тармагында сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн 30га жакын атайын техниканы лизингге сатып алуу пландалууда.

Жаңы техникалар «Бишкекжарык», «Тазалык», «Бишкексуучарба», «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканаларынын ишинде колдонулаары күтүлүүдө. Булар автомунара, кран-манипулятор, бургулоочу орнотуучу, таштанды чыгаруу унаа, бириктирилген сугаруучу унаа жана башкалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан