"Вентус" коомдук бирикмесинин жетекчиси, укук коргоочу Камил Рузиев акталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунан билдиришет.
Ага ылайык, Рузиев Каракол шаардык сотунун чечими менен кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу акталган.
Эске салсак, Камил Рузиев 2020-жылы 30-майда УКМК тарабынан документтерди жасалгалоо фактысы боюнча кармалган. 2020-жылы 1-июнда укук коргоочу үй камагына чыгарылган.