Өткөн аптада тиешелүү документи жок унаа башкарган 203 айдоочу аныкталды

Өткөн аптада республика боюнча тиешелүү документи жок унаа башкарган 203 айдоочу аныкталды. Маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анда жазылгандай, акыркы жумада республикада 17 миң 391 жол эрежесин бузуу аныкталып, унаа токтотуучу жайга 875 транспорт каражаты коюлду.

Алардын ичинен:
- ылдамдыктан ашкандыгы үчүн – 3519;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузган – 5151;
- транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарды аткарбаган – 15;
- ээн баштык – 8;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1010;
- тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкарган – 81;
- жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5256;
- терезеси караңгылатылган – 47;
- мас абалында унаа башкарган – 267;

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан