Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 24 жаштагы Тилек Сатыкеев изделүүдө

Чүйдө дайынсыз жоголгон 1998-жылы туулган Сатыкеев Тилек Абдышевич изделет. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тилек Сатыкеев 16-август күнү саат 11.00 чамасында Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170 сантиметр, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийими: ак түстөгү футболка, боз түстөгү спорттук шым, бутунда кара сандал, колунда кичинекей кара сумка болгон.

Урматтуу жарандар! Сатыкеев Тилек Абдышевичтин жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө (03135) 5-02-80, 0708 45-78-46 телефондору аркылуу байланышсаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан