25-августта жана 26-августта Ысык-Көл облусунда унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул туурасында Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.
Мындай чектөөлөр 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форумунун жыйынына байланыштуу киргизилет.
Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Чолпон-Атага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү келишет.
"Буга байланыштуу Ысык-Көл облусунда Тамчы айылындагы Ысык-Көл аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки каттамда, ошондой эле Чолпон-Ата-Кырчын багытында делегациялар өтүүчү маалда гана унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Жол боюнда кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат", - дешти атайын кызматтан.
ЖКККББ унаа каражаттарын жол боюнда кароосуз калтырбоо, жасалма тыгындарды жаратпоо, башка жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздыктарды жаратпоо үчүн жолдун каршы тилкесине чыкпоого чакырат.