"Кара түтүн чыгып...". Оштогу асфальт заводунун иши толугу менен токтотулду

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Топ-Терек айылына жакын жайгашкан "Курулуш-Тейлөө" асфальт-бетон заводунун иши толугу менен токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 23-августта аталган заводдон кара түтүн чыгып, экологияга терс таасирин тийгизип жатат деген маалымат тараган.

"Ал жерге Жаратылыш ресурстары министрлигинин инспекторлору барып, заводду иштетүү учурунда андан жарым сааттай кара түтүн чыкканын аныкташкан.

Ошондой эле текшерүү учурунда бул заводду иштетүүгө эч кандай уруксат кагаздары жок экендиги белгилүү болду. Мындан улам ишкананын жетекчилигине тийиштүү уруксат кагаздарын алууга, чыккан түтүндү зыянсыздандыруучу чыпкаларды орнотууга эскертме берилип, заводдун иши толугу менен токтотулду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан