Бишкекте лифтке кыпчылып каза болгон жарандын агасы президентке кайрылды

Январь айында Бишкек шаарындагы Улан-1 кичи районунда 38 жаштагы киши лифтке кыпчылып каза болгон. Окуя боюнча эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатканын, ишти үй-бүлөлүк зомбулук катары көрсөтүү аракеттери болуп жатканын маркумдун агасы Нематилла Арстанбеков "Кактус медиа" басылмасына билдирди.

"Иним коляска менен лифтке кирип бара жатканда көкүрөгү, моюну менен кыпчылып калган. Ошол учурда лифт эмнегедир астынкы эмес үстүнкү кабатка көтөрүлүп кеткен. Анын кесепетинен иниме аба жетпей, 4 кабыргасы сынып каза тапкан.

Келини ошол үйдүн жашоочуларын жардамга чакырган. Андан тышкары "Тез жардам" кызматы, куткаруучулар чакырылган.

Көп кабаттуу үйдүн электриги иш ордунда болгон эмес, ал эми лифт кызматкери эч нерсе кыла албай койгон. Жарым саат, бир саат дегенде электрикти таап келишет. Бирок алар келгенге чейин кол менен лифтти түшүрүп, инимдин сөөгүн алып кетүүгө үлгүрүшкөн", - деп билдирген Арстанбеков.

Маркумдун бир тууганы милиция кызматкерлеринен лифттин коопсуз иштешине жооптуу адамдар, бул ишке күнөөлүүлөрдүн жазага тартылышы үчүн материалдар туура толтурулушун суранганына карабастан суранычы канааттандырылган эмес.

"Лифттин эшигин дароо эле жаап коюшкан эмес. Окуя кечки саат 22:30да болгон, биз кечинде келсек деле эшикке мөөр басылбаптыр. Биз келгенче лифттин көп нерсесин оңдоп коюшу мүмкүн да өздөрүн акташ үчүн. Башында арызды милиция кабыл албай жатып анан алды. Биз объективдүү тергөөнү сурандык. Бирок эки айдан кийин ушул ишти карап жаткан тергөөчү пара алуу менен кармалганын, иш башкага өткөнүн билдик. Ал да ишти аягына чыгарбай, материалдар башка тергөөчүгө өткөрүп берилгенин уктук. Жыйынтыгында иш сотко өткөн, бирок бизди тааныштырбай коюшкан.

Кайдагы зордук-зомбулук, инимдин денеси төртүнчү жана бешинчи кабаттын ортосунда илинип турса?! Сотто Кубаныч Арстанбековдун өлүмү лифттин сыртында болгон, күнөөлүү тарап жок деген комиссиянын корутундусун билдик. Мындай тыянак бизди таң калтырды, - деди Арстанбеков.

Бул окуя боюнча Нематилла Арстанбеков президент Садыр Жапаровго кайрылып, дыкат териштирүү жүргүзүп, ишти көзөмөлгө алууну суранды. Иш прокуратурага, прокуратурадан кайра милицияга жөнөтүлүп, бирок ушул күнгө чейин күнөөлүүлөр аныкталган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан