Ош облусунда 15 мугалимге жер тилкеси берилди

Бүгүн, 26-августта Ош облусунда 15 мугалимге турак жай куруу үчүн жер тилкеси берилди. Облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жерлердин сертификатын облус жетекчиси Зиядин Жамалдинов тапшырды.

Мындан сырткары "Алтын Тамга", "Алтын сертифкат" жана республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө, алар окуган мектептерге жана билим берүүгө салым кошкон мугалимдерге акчалай сыйлык, Ардак грамоталар тапшырылды.

Ошондой эле облустагы мыкты мектеп жана бала бакчалар аныкталып, ар бири 10 миң сомдон акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланды:

Мыкты мектеп - Кара-Суу району, “Маданият” орто мектеби;

Мыкты инновациялык мектеп - Кара-Кулжа району, “Бегиев” атындагы орто мектеби;

Мыкты шаардык мектеп - Ноокат району, “Абдуллаев” атындагы орто мектеби;

Мыкты бала бакча - Өзгөн району, "Жыргалай" бала бакчасы;

Мыкты инновациялык бала бакча - Кара-Кулжа району, "Мээрим" бала бакчасы;

Мыкты шаардык бала бакча - Өзгөн шаары, "Аймээрим" бала бакчасы;

Мыкты типтүү бала бакча - Ноокат району, "Келечек" бала бакчасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан