Улукбек Марипов кыргыз-сауд Ишкерлер кеңешин түзүүнү сунуштады

Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын Инвестициялар министринин орун басары Мухаммад Аль-Хассна менен жолугушту.

ТИМден маалымдашкандай, жолугушууда эки тарап соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулаган.

Тараптар өз ара сапарларды уюштуруу, эки тараптуу туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын ачуу зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти.

Тактап айтканда, Элчи Марипов Кыргызстанда 2022-жылдын аягына чейин кыргыз жана сауд ишкерлеринин катышуусунда кезектеги кыргыз-сауд бизнес форумун даярдоо жана жогорку деңгээлде өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле алдыда боло турган бизнес форумдун алкагында эки өлкөнүн ортосунда Ишкерлер кеңешин түзүүнү жана анын биринчи жыйынын өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде М.Аль-Хассна кыргыз-сауд мамилелеринин өнүгүшүн жогору баалап, Кыргызстан менен Сауд Арабия ортосундагы мамилелерди мындан ары активдештирүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого чакырды. Ал эки мамлекеттин ишкерлеринин ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган алдыдагы иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө элчиликке ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестиция чөйрөсүндө эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча тыгыз иштерди улантууну макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан