Биринчи этапта 40 урна жасалган. Алар жолдун эки тарабындагы тротуарларды бойлой орнотулган. “Тазалык” муниципалдык ишканасы акырындык менен катардагы урналарды заманбап жана ыңгайлууларга алмаштырууну пландап жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, урналарды “Тазалык” ишканасынын жумушчулары жасашкан.