Баткенде жолду мыйзамсыз жаап, кортежди өткөргөн айдоочулар кармалды

Баткенде мыйзамсыз жарык берүүчү сигналды орнотуп алган айдоочулар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда BMW жана Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочулары Баткен шаарындагы Нургазиева көчөсүндө башка айдоочуларга тоскоолдук жаратып жолду жаап, тойго чыккан кортежди өткөргөн видео тасма жарык көргөн.

Бул видео чыгары менен Баткен ОИИБи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, унаалардын ээлери өз учурунда кармалган.

Бул көрүнүш мыйзамга туура келбегендиктен милиция кызматкерлери тарабынан айдоочуларга бузуулар жөнүндөгү айып протоколу толтурулуп, айып салуу менен унаасы убактылуу токтотуучу айып короого киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан