Салык кызматы бузук ККМ колдонгондорго айып пул салынарын эскертти

Бузук контролдук-кассалык машина колдонгондорго айып пул салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

"Акыркы убакта Мамлекеттик салык кызматына "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясына катышкан жарандардан чектеги QR-коддун сапаты начар болгондуктан кодду сканерлөө мүмкүн болбой жаткандыгы тууралуу көптөгөн даттануулар келип түшкөн. Буга байланыштуу салык кызматы бузук ККМ колдонгон жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге 13 миң сом айып каралганын эскертет", - деп айтылат маалыматта.

Контролдук-кассалык машиналар төмөнкү учурларда жараксыз деп эсептелинет:

  • ККМге коюлган техникалык талаптарда каралган операцияларды аткарбаган же катасы менен аткарган учурда;
  • Кассалык чектерди жана отчётторду басып чыгара албай, окулбай тургандай кылып басып чыгарган учурда;
  • ККМде камтылган маалыматтарды чыгарып бере албаган учурда.

"ККМдин иштеп жатканын QR-кодду сканерлөө жолу менен, салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу же кассалык чектин QR-кодунун астында көрсөтүлгөн чектерди текшерүү сайты аркылуу өз алдынча текшерсе болот.

Бүгүнкү күндө лотереянын катышуучуларынын саны 110 миңден ашып, күн сайын 76 миңге жакын чек сканерленип жатат", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан