Бүгүн, 30-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 245 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коому тарабынан маалым болду.
Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, суунун орточо күндүк агып кириши жана агып чыгышы жарыяланган эмес.
Эскерте кетсек, өткөн 2021-жылдын дал ушул күнү суунун көлөмү 11 миллиард 994 миллион метр кубду түзгөн.