Окуу жылы башталарына 1-2 күн гана калды. Кээ бир окуучулар алда качан даярдыкты бүтүрүп койсо, кай бирлери 1-сентябрга кызуу камылга көрүп жаткан кези.
SUPER.KG порталы жаңы окуу жылына байланыштуу киргизилген өзгөрүүлөр, коюлган талаптарды кыскача тизмектеп көрдү. Ага ылайык:
Билим берүү жанан илим министрлигинин жалпы билим берүү уюмдарында 2022-2023-окуу жылынын базистик окуу планына ылайык, быйыл окуу жылы 1-сентябрда башталып, 25-майда аяктайт.
Эске салсак, былтыр окуу жылы 15-сентябрда башталып, быйыл 9-июнда аяктаган.
Форма
Бул жылы жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ болушу зарыл. Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш. Тактап айтканда, окуучулардын кийиминин жалпы көрүнүшү, анын түсү кийимдин классикалык стилине туура келиши керек.
Жаңы предмет
Кыргыз жергесинде 1-сентябрдан баштап 9-класстын окуучуларына жумасына 1 саат диндердин өнүгүү тарыхы сабагы өтүлө баштайт. Учурда облустук борборлордо аталган сабакты өтө турган мугалимдерди окутуу уланууда.
Сабактын убактысы
Сабактын узактыгы 1-класстарга - 40 мүнөт, 2-11-класстар үчүн - 45 мүнөттү түзөт.
Бардык предметтер боюнча үй тапшырмалардын көлөмү аны аткарууга 2-3-класстарда - 1,5 саат, 4-5-класстарда - 2 саат, 6-8-класстарда – 2,5 саат, 9-11-класстарда – 3,5 саатка чейин болушу керек.
Сабакты баалоо
1-2-класстарда окуучулардын ийгилигин баалоо белги койбостон сапаттык жана сыпаттоо ыкмалары колдонулат.
Каникулдардын графиги:
күзгү – 2022-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрга чейин;
кышкы - 2022-жылдын 30-декабрынан 2023-жылдын 10-январына чейин;
жазгы - 2023-жылдын 20-29-март.
Белгилесек, биринчи класстардын окуучулары үчүн каникул күндөрү III чейректе кошумча бир жумага узартылат.
Мектеп директорлорун тандоо:
Өлкө аймактарында мектеп директорлорун бош кызмат орундарына сынак эки этаптан өтөрү, 966 мектептин директору иштен кетери айтылган.
Учурда көпчүлүк региондордо сынактын 1-туру өтүп, экинчи айлампасына документтерди кабыл алуу башталды.
Компьютердик тестирлөө сынагынан өткөндөр:
Талас облусу - 24 талапкер;
Жалал-Абад облусу - 61 талапкер;
Ысык-Көл облусу - 61 талапкер;
Нарын облусу - 30 талапкер;
Чүй облусу - 69 талапкер;
Баткен облусу - 147 талапкер;
Ош облусу - 88 талапкер;
Ош шаары - 14 талапкер.