Эгемендүүлүк күнүндө жол коопсуздугун камсыздаган милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштейт

Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгын белгилөөдө жана Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата Чуңкурчак жайлоосунда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөйт. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-август күнү Чүй облусунун Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлөт.

Бул иш-чарага патрулдук унаалар менен 200дөн ашык кызматкер тартылат.

Ыңгайлуулукту түзүү жана унааларды туш келди токтотууларга жол бербөө үчүн 11 унаа токтотуучу жай каралып, эвакуаторлор да колдонулат. Элди унаа токтотуучу жайдан маараке өтүп жаткан аянтчага жеткирүү үчүн кичи автобустар каттайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан