Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына жеңүүчүлөрдүн тизмеси бекиди. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Анда айтылгандай, Ош шаарындагы компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 11 талапкер босого балл (60 пайыз) жана андан жогору упай топтоду. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси шилтемеде.
Бишкек шаары боюнча конкурска 181 адам документ жиберип, андан 49 талапкер документтердин толук эмес пакетин тапшырган. Тестирлөөгө 129 талапкер катышып, 42си ийгиликтүү өттү. Ошондой эле 3 адам сынакка келген жок. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси шилтемеде.