"Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын кимдер алды? Тизме

Бүгүн, 1-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамы төмөнкү өнөр адамдарына ыйгарылды:

Акматалиев Бердибек Качкыновичке – А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жогорку категориядагы хор артисти;

Дүйшеев Туратбек Мукашовичке – Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүнүн аскер оркестринин солисти;

Жамантаева Басбүбү Абдываповнага – А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын директорунун орун басары;

Кыдыраалиев Муратбек Төлөевичке – М. Рыскулов атындагы Нарын облустук мамлекеттик академиялык музыкалык-драма театрынын артисти;

Мамытова Кишимжан Жакыповнага – Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Н. Борошов атындагы балдар искусство мектебинин жетекчиси;

Мукушева Фатима Ивановнага – А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жогорку категориядагы артисти;

Осмонова Айсалкын Азизовнага – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;

Тимошенко Валентин Григорьевичке – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын камералык ансамбль жана концертмейстер классы кафедрасынын башчысы;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан