"Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамдарын колдоруна алышты. Салтанаттуу иш-чарадан сүрөттөр

Бүгүн өлкөгө жана элге өзгөчө эмгек кылган жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи уюштурулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаров бир катар ишмерлерге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Күндүн биринчи жарымында сыйлыктар мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгондорго тапшырылды.

Апас Жумагулов мамлекеттик ишмер

Медеткан Шеримкулов Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдар кеңешинин мүчөсү

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы

Мындан тышкары, салтанаттуу иш-чарага өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан дарыгерлер, педагогдор, кесипкөй инженерлер, заман талабына ылайык келген жаңы кесип ээлери жана башкалар катышууда.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө мамлекеттүүлүктү жана элдин биримдигин чыңдоо максатында эмгектери элге кеңири таанылып, урмат-сыйга ээ болгон инсандарга өзгөчө көңүл бурулуп, улуттук духту көтөрө турганын баса белгиледи.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи уланып жатат. Түз эфир УТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда, социалдык түйүн баракчаларында көрсөтүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан