Араванда аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар берилди

Кечээ, 7-сентябрда Ош облусунун Араван районундагы аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, каражат "социалдык келишим" долбоорунун алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан ишкерлик баштоо үчүн берилген.

Акчалай сертификаттарды министрлер кабинетинин орун басары Бакыт Төрөбаев, ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева тапшырды.

"Араван районунун "социалдык келишим" долбоорунун катышуучулары алынган каражаттарды мал чарбачылыгы, кол өнөрчүлүк, азык-түлүк дүкөндөрүн, сулуулук салонун жана күнөсканаларды ачуу сыяктуу багыттарда бизнести баштоого пайдаланууга ниеттенүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: "Социалдык келишим" - бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим. Ага ылайык, аярлуу үй-бүлөлөрдү каржылык сабаттуулукка үйрөтүп, бизнес-планды иштеп чыгууга жардам берет. Долбоордун алкагында республикалык бюджеттен 292 миллион сом бөлүнүп, өлкө боюнча 2800 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет.

Бүгүнкү күндө Бишкектин аз камсыз болгон 350 үй-бүлөсүнө 35 миллион сом бөлүнгөн. Буга чейин алардын ичинен 60тан ашуун үй-бүлө сертификат алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан