11-сентябрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жамгыр катуу жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымдайт.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 25…30;
Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 16...24;
Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 17…22;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Бишкек шаарында түнкүсүн 15…17, күндүз 25…27 градус болот.