Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө «Жалал-Абад май иштетүүчү заводу» ЖЧКсына барды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысына заводдун май чыгаруу боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, ишкананын ушул жылдагы жыйынтыгы жөнүндө айтылды.
Май иштетүүчү завод көп жылдан бери токтоп турган. 2021-жылдын күзүндө ишкананы оңдоо жана калыбына келтирүү башталган. Ушул жылдын мартында завод өз ишин баштаган. 2022-жылдын мартынан сентябрга чейин 900 тонна суу май өндүрүлгөн. Майды өндүрүүдө чет өлкөлүк сырьё колдонулат.
Бүгүнкү күндө завод өзүнүн кубаттуулугунун 40 пайызын гана колдонот. Ошондой эле компания пахтаны кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүнү пландап жатат.
Маалымат уккан соң президент өсүмдүк майын өндүрүүдө жергиликтүү сырьёну колдонуу, заводду модернизациялоо жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурду.
Президент май иштетүүчү завод жогорку экспорттук потенциалга ээ экенин белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга компаниянын өкүлдөрүнө ишкананын иши жана аны модернизациялоо маселесинде жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.