Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Фейсбук колдонуучусуна берген жообу кызуу талкууда.
Ал социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жүктөп, “Азыр эле түз эфирден Жоламан Шаршенбековдун финалга чыгышы үчүн казак жигитин жеңгенине күбө болдум! Биздин баатырларыбыз менен сыймыктанабыз! Жалпы элибиз жеңиш тилеп, сүрөйт! Алга!”, - деп жазган.
Фейсбук колдонуучуларынын бири ага "качан кетесиз?" деп суроо берген. Ага Акылбек Жапаров "шашпай" деп жооп берип, интернет колдонуучуларына жылмаюу тартуулады.