Жапаров Баткенде зыянга учураган үйлөр качан калыбына келтирилерин айтты

Бүгүн, 23-сентябрда президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берди. Анда журналист "Баткенде акыркы окуяларда жабыркагандардын үйлөрүн калыбына келтирүү иштери кандай жүрөт? Суукта сыртта калып калышпайбы?" деп өлкө башчыга суроо салды.

"Колдон келишинче тездетип бүтүрүп бергенге бардык күчүбүздү жумшайбыз. Жаңы жылга чейин бүткөнгө аракет кылабыз. Каражат жетиштүү. Казынабыз куру эмес. Андан сырткары, каза болгондордун баарынын жакындарына да жардам берилет. Баарын тактап чыгып жардам беребиз. Балдарын кароосуз калтырбайбыз. Үйлөнбөй кеткендерге ата-энесине беребиз. Кыскасы баатыр балдарыбыздын эрдиги бааланбай калбайт", - деп жооп кайтарды Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан