24-сентябрда өлкө аймактарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11 … +16, күндүз +26 … +28;
Талас облусунда түнкүсүн +6 … +11, күндүз +24 …+29,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12 … +17, күндүз +27 … +32,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +20 … +25,
Нарында түнкүсүн +1 … +6, күндүз +21 … +26,
Борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14 … +16, күндүз +29 … +31 градус болот.