Тажик тараптын Кыргызстандын аймагындагы куралдуу кол салуусунда жабыркаган 137 адам Кыргызстандын ооруканаларында дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
"Жалпысынан 198 адам жабыркап, анын ичинен 61 бейтап амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн", - деп айтылат ведоствонун билдирүүсүндө.
Алардын ичинен:
126 жаран Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттык сактоо уюмдарына өткөрүп берилди:
Эске салсак, 14-17-сентябрь күндөрү орун алган Тажикстандын агрессиясы 59 кыргыз жаранынын өмүрүн алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.