Тажикстандын куралдуу кол салуусунда курчоодо калган кыргыз жоокеринин видеосу интернетке тараган. Интернет колдонуучулары курчоодо калган аскер Гүлжигит Бектенов экенин айтып чыгышкан.
Бирок SUPER.KG порталына өздүк булактар видеодогу аскер 27 жаштагы Адилет Санарбек уулу аттуу аскер кызматкери экенин такташкан.
Аскер кызматкери учурда борбордо ооруканада дарыланып жатат.
"Достук" чек ара заставасында аскер кызматында жүргөнүмө 5-6 айдын жүзү болду. 16-сентябрь каргашалуу күн болду. Тажикстан кыргыз тарапка күтүүсүздөн кол салып, топтук куралдар менен заставаны аткылашты. Мен тажик тарапты алаксытуу үчүн атайын туткунга түшүп бердим. Бирок алар тарапка барганда, бизди аткылап жаткандар жоокерлерге такыр окшогон жок. Баары эле сакалчан кишилер экенин көрдүм. Алардан коркуу деген нерсени да байкаган жокмун. "Аллоху Акбар!" деп кыйкырып жатышты...", - дейт Адилет Санарбек уулу.
Адилет Санарбек уулу SUPER.KG порталына окуяны толугу менен баяндап берди. Толугу менен видеодон көрүңүз.