УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы постторду алуу боюнча чечимди кабыл алууда жергиликтүү тургундардын пикири эске алынганын журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Кечээ чечимди кабыл алар алдында, ага чейин дагы эки жолу жумушчу комиссия Ак-Сай эли менен жолугушту. Себеби посттор Ак-Сай айылынын тегерегиндеги посттор ("Катта-Туз" (Кыргызстан) жана "Каракчикум" (Тажикстан) постторунан башкасы). Андан сырткары кечээ өзүм эртең менен Ак-Сайдын активисттерин, 50дөн ашык жаштарды чогулттум. Анын арасында айыл өкмөттүн башчысы Алимбек Сабиров, айыл башчысы Эркин деген жигит бар. Алар менен сүйлөшүп, акылдашканда мага бир гана нерсени айтышты, "Эгерде "Бедак" заставасын алдырганга, токтотконго күчүңүз жетсе анда биз макулбуз" деген суранычты билдиришкен. 4 саат сүйлөшүп отуруп, эл койгон талаптын баарын аткардык.
Буюрса, Кыргыз жерибиздин 1 сантиметр дагы жерин алдырбайбыз. Биздин мамлекетибизге тынчтык керек. Бизге конфликттин, согуштун, атышуунун кереге жок. Ушул багытта жумушту жүргүздүк жана мындан ары дагы уланат", - деген Ташиев.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстан Республикасынын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын делегацияларынын жолугушуусунун протоколуна кол коюшкан.