Камчыбек Ташиев: "Алынган посттордун ордуна видео көзөмөл коюлат"

Кыргыз-тажик чек арасында алынган көзөмөл-өткөрмө постторунун ордуна видео көзөмөл коюлат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Алынган көзөмөл-өткөрмө постторунун ордуна эки тараптан тең видео көзөмөл орнотобуз. Камералар күнү-түнү байкап турат. Аталган посттор жайгашкан аймактарда эл жашабайт", - деди атайын кызматтын төрагасы.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан үч көзөмөл-өткөрмө посту жана бир чек ара тозоту эки тараптан тең алына турган болгондугу кабарланган. Мындай макулдашуу кечээ, 25-сентябрда эки өлкөнүн УКМК төрагаларынын жолугушуусу учурунда бекитилген. Эки тарап жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгондугу, протокол чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин убактылуу экендиги белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан