Өлкөдө COVID-19га каршы вакцинанын 4-дозасы менен иммундаштыруу башталды

Өлкөдө 15-сентябрдан тарта COVID-19га каршы вакцинанын 4-дозасы менен иммундаштыруу башталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-дозаны мурда баштапкы эмдөөнүн толук курсун жана бустердик доза алган бардык каалаган жарандар алса болот. Өзгөчө тобокелчилик тобунда турган адамдардын эмдөө алышы маанилүү, булар: улгайган адамдар, өнөкөт оорулардан жабыркаган адамдар, медицина кызматкерлери; кош бойлуу аялдар ж.б. Алар жуктуруп алууга көбүрөөк жакын келишет жана дартты оор көтөрүшөт. 4-доза менен эмдөө биринчи бустерди (3-доза) алгандан кийин 4-6 айдан соң жүргүзүлөт.

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун бардыгында, Кыргызстанда колдонууга уруксат берилген COVID-19га каршы кайсы гана вакцина болбосун эмделүүгө болот. Бүгүнкү күндө өлкөдө Sinopharm жана Pfizer вакциналары жетишерлик санда бар. Бирок эгерде сиз чет өлкөгө учууну пландап жаткан болсоңуз, эмдөө алууга шашылыңыз - Pfizer-BioNTech компаниясынын вакцинасынын жарактуу мөөнөтү октябрдын аягында бүтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal11
2022-09-26 22:42:00
Бул жагы уже бизнес...... Вакцинанын арты менен 2 достун чонтокторуно миллиондор шынгырап..... Бензин, солярканы айтпай эле коелу. Алтын-кумуш болсо само собой.... Плюс суу сатылып жатат Казахстан, Озбекистанга....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан