Президенттин маалымат катчысы Бейшеналиевдин кармалышы боюнча комментарий берди

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалганы боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

"Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалганы боюнча кабардар. Аталган ишти ар тараптуу иликтөө камсыз кылынат", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Toxa76
2022-09-29 11:23:00
Министирдин баарын зек кылып бутот экенсинер да.Крмала элек адам калдыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан