Бишкек шаарында талаптарга жооп бербеген жарнамаларды алуу иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын мэриясы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын талаптарына жооп бербеген жана уруксатсыз орнотулган жарнамаларды алуу иштерин улантып жатат.
Ага ылайык, Калык Акиев-Токтогул көчөлөрүнөн баштап Токтогул-Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнө чейин алуу иштери жүргүзүлүп, 12 жарнамалык штендер, 20 жарнамалык пано, 35 жарнамалык баннер алынды.