Кыйноого каршы борборунун өкүлдөрү Алмазбек Бейшеналиев менен жолугуп чыкты

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайында отурган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен жолугуп чыгышты. Борбордон маалымдашкандай, кыйноолор же катаал мамиле боюнча эч кандай дооматтар болгон эмес.

"Бейшеналиевдин астмасы бар болгондуктан тийиштүү дарыларын алып кирүүгө уруксат беришкен", - деп айтылат билдирүүдө.

Бейшеналиев 28-сентябрда кармалып, 48 саатка камакка алынган. Анын бөгөт чарасы сотто бүгүн каралат.

Ички иштер министрлиги Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди жергиликтүү жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын айтып, видеосун жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан