Батирди же үйдү ижарага берген жеке жактар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөгө тийиш. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Салык кызматынын билдиришинче, кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Салыктарды патентин, бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот.
Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы мүлктү ижарага берген жарандарды өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жана тиешелүү салыктарды төлөөгө чакырат.
"Ошондой эле бардык жарандарды салыкты төлөбөй турак жайды ижарага бергендер тууралуу фактыларды билдирүүнү чакырабыз. (0312)613189, (0779)613189 (Whatsapp) ишеним телефону аркылуу жана 116 номери боюнча, ошондой эле аймактык салык органдарына билдирүүгө болот.
Салыкты төлөбөгөндүгү аныкталган учурда жеке жакка карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 8 айында батирди же үйдү ижарага бергендер патенттин негизинде 33,9 миллион сом өлчөмүндө салык төлөшкөн. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 миллион сомго көп.
Салык кызматы турак жай ижарасына карата бааларды жөнгө салууга ыйгарым укугу жок экендигин маалымат катары билдирди.