Баткенде тажик аскерлери жардырган көпүрөнүн жанына альтернативдүү көпүрө курулду

Баткендеги Көк-Таш—Ак-Сай-Тамдык унаа жолдорун бириктирген курама темир көпүрөнү орнотуу иштери аяктады. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жумушту "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №2 Жол курулуш башкармалыгы аткарды.
Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрө кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтте тажик аскерлер тарабынан жардырылган.
Аталган көпүрө Көк-Таш—Ак-Сай-Тамдык унаа жолдорун бириктирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан