Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Билдирүүгө таянсак, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин, 14-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, ал тергөө мезгилинде энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилген.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Ал арада Бекмурзаев ага карата козголгон кылмыш иштерин анын атын каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептей турганын билдирген.