Өлкөдө “Кан басымыңды бил” акциясы башталды. Бул жөнүндө Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан маалым болду.
Андагы маалыматка ылайык, акция шаарларда 3-октябрдан 10-октябрга чейин, айылдарда октябрдын аягына чейин уланат.
Иш-чаранын алкагында дарыгерлер жарандардын кан басымын өлчөп, калкка жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу боюнча маалымат беришет.
"Акция калкты артериялык гипертензия, жүрөк-кан тамыр оорулары жана алардын татаалдашына алып келүүчү башка коркунучтар тууралуу маалымат берүү максатында өткөрүлүүдө.
Кан басымды контролдоо гипертониялык ооруну баштапкы этапта аныктоого мүмкүндүк берет.
Гипертония (артериялык гипертония, артериялык гипертензия) – кан басымынын жогорулашы. 90 пайыз учурларда артериялык гипертензия өз алдынча оору болуп саналат. Көптөгөн гипертониялык бейтаптар кан басымы жогорулаганынан шек санашпайт. Анткени оорунун белгилери жок сыяктуу жүрө берет. Ошондуктан гипертонияны «унчукпаган өлтүргүч» деп аташат.
Андыктан акцияга жарандарды катышууга чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.
Мындай акциялар жыл сайын 29-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата өткөрүлүп келет.