Гималайдагы Манаслу чокусун багынткан кыргызстандык альпинисттер кайтып келишти

Бүгүн, 6-октябрда Гималайдагы Манаслу чокусун багынткан кыргызстандык альпинисттер Бишкекке кайтып келишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.
Альпинисттерди эл аралык «Манас» аэропортунан спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директору Улан Эралиев жана жакындары тосуп алышты.
"7 кишиден турган альпинисттер тобунда команданын капитаны Сергей Селивёрстов, долбоордун жетекчиси Кадыракун Нурмаматов, Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов, ошондой эле Андрей Ерохин, Асел Байбагышева, Илим Карыпбеков жана Азизбек Оморкулов бар", - деп билдиришти министрликтен.
Белгилей кетсек, кыргызстандык альпинисттердин Гималайга болгон алгачкы экспедициясы болгон. Команда Манаслу чокусунда Кыргызстандын желегин желбиретип, үч килограммдык "Манас" эпосунун китебин алып чыгышты.
Маалымат үчүн: Манаслу — Гималайдагы тоо, Непалдын түндүк-борбордук бөлүгүндө жайгашкан Мансири-Гимал тоо кыркаларына кирет. Чокунун бийиктиги 8163 метрди түзөт.
Гималайдагы Манаслу чокусун багынткан кыргызстандык альпинисттер Бишкеке келишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан