Баткен районунда 20 миң куб метр таштанды чыгарылды

Баткен районунун Достук айылында 47 турак үй тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Кабарлангандай, жалпы 19 миң 654 куб метр таштанды ташылып чыгарылды.

"Баткен районунун Миң-Булак айылында өрттөлгөн сегиз турак үй аныкталып, бүгүнкү күнгө куткаруучулар тарабынан кол күч менен тазаланып бүткөрүлдү" - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Миң-Өрүк участкасында комиссиянын чечими менен аныкталган 37 үй толугу менен тазаланып, 14 турак үй техникалык каражаттардын жардамы менен сүрдүрүлүп тазаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан