Бүгүн, 9-октябрда президент Садыр Жапаровдун "Кабар" агенттигине берген кезектеги маеги жарыяланды. Анда өлкө башчы 4 министрди эмне себептен иштен алганын ачыктаган.
"Төрт министрди мен өзүм алмаштырдым. Өзүңөр дайыма айтып жүрөсүңөр го, айлана-тегерегиңди тазала деп. Ишти тарта албай жаткан министрлерди алмаштырам. Пара алгандарды, мамлекеттин акчасын уурдагандарды каматам. Кыскасы, эч кимди аямай жок. Министр болуп келдиңби, мамлекет үчүн, эл үчүн иште! Уурдаба! Напсиңди тыя албайсыңбы, министр болбой эле кой", - деген Жапаров.