Аудиторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби бекитилди

Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Бул чечим "Аудитордук иш жөнүндө" мыйзамдын 22-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат:

1) аудиторлордун реестри;

2) аудитордук уюмдардын реестри;

3) кесиптик аудитордук бирикмелердин реестри;

4) ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестри.

Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин, мыйзамга ылайык, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы аркылуу ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан