Баткенде сууга агып бараткан баланы куткарган жол сакчысы сыйланды

Баткенде сууга агып бара жаткан баланы куткарып калган жол сакчысы сыйланды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, 8-октябрь күнү саат 10:30 чамасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн башчысы, Аскар Токоев жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп жүрүп, Баткен шаарынын ичиндеги каналда агып бараткан жаш баланы суудан алып чыгып, өмүрүн сактап калган.

Бүгүн милициянын майору Аскар Токоевди президенттин Баткен облусундагы өкүлү чакырып, ыраазычылыгын билдирип, “Баткен облусуна 20 жыл” медалын тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан