Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери кечээ, 9-октябрь күнү саат 17:00дө тажик тараптан токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасына ылайык, бүгүн, 10-октябрда жогорудагы маселе боюнча эки тараптын тиешелүү район жетекчилеринин жолугуусу болуп өттү", - деп айтылат маалыматта.
Анда курулуш иштерин токтотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлгөн.