Тажикстандын агрессиясы: Баткендиктердин жоголгон документтери калыбына келтирилди

Баткенде Тажикстандын агрессиясынан улам 450 жарандын жоголгон же жабыркаган документтери бекер калыбына келтирилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

"Документтер Баткен облусунун жашоочуларынын расмий түрдө аймактардагы калкты тейлөө борборлоруна кайрылуусунан кийин калыбына келтирилген. Ыкчам топтор документтерди калыбына келтирүүнүн тартиби боюнча консультация берилди", - деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, анын кесепетинен 63 кыргызстандык шейит кеткен. Арасында аскер кызматкерлеринен сырткары жай тургундар да болгон. Мындан сырткары 198 киши жабыркап, 140 миңге жакыны коопсуз жайга кетүүгө аргасыз болгон.

Аталган окуяга байланыштуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин "Тынчтыкка каршы кылмыштар" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан