Бүгүн, 11-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отуруму болуп өттү.
Жыйында сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров Ильхам Алиев баштаган Азербайжан делегациясынын келишин кубаттап, Кыргызстан бул сапарга Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн логикалык уландысы катары өзгөчө маани берерин белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Биздин алдыбызда стратегиялык максаттарды жана иш-аракеттер алгоритмин, ошондой эле келечектеги мамилелерибиздин багыттарын, мазмунун жана мүнөзүн аныктоо милдети турат. Биз мамлекеттер аралык мамилелерди бийик деңгээлде кармоого, кызматташуунун учурдагы жана келечектеги механизмдери боюнча бардык алака-катыштарды ыкчамдатууга даярбыз", - деди президент.
Садыр Жапаров чакан форматтагы жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун көптөгөн орчундуу маселелери талкууланып, анын негизги багыттары менен артыкчылыктары белгиленгендигин кошумчалады.
Соода-инвестициялык кызматташууга токтолгон мамлекет башчысы бүгүн Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фондунун маанилүү ролу каралгандыгын канааттануу менен белгиледи. Бул фонд Кыргызстанга Азербайжан инвестицияларын тартуунун жана өз ара пайдалуу бизнес-долбоорлорду ишке ашыруунун тездетүүчү катализатору жана натыйжалуу механизми болууга тийиш.
"Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнү арттыруу зарылдыгы боюнча орток түшүнүк бар экени кубандырат. Ошентсе да соода жүгүртүүнүн азыркы деңгээли али өз дараметине жете элек. Биз Азербайжан Республикасынын бизнес коомчулугунун биздин рынокто болушун кубаттайбыз, ошондой эле мындан ары өнөктөш катары кызматташууга ачыкпыз. Инвесторлорду коргоого кепилдик беребиз жана эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даярбыз", - деди Жапаров.
Ал эми эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө токтолгон президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Азербайжандын тарыхы, тамыры, маданияты менен каада-салты жана улуттук өзгөчөлүктөрү жалпы экендигин баса белгиледи.
Бул өңүттө мамлекет башчысы борбор калаада Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы эки жалпы билим берүүчү мектепти биргелешип ачуу сыяктуу эки өлкөнүн, эки элдин ортосундагы өз ара ынтымакты, достукту жана кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзгөн долбоорлорду ишке ашыруунун маани-маңызын өзгөчө канааттануу менен баса белгиледи.
"Азербайжандык досторубуздун жардамы менен жакында курулуп бүткөрүлгөн "Кыргызстан менен Азербайжандын достук паркынын" ачылышына күбө боло турганыбызды кубануу менен белгилей кетейин", - деп кошумчалады мамлекет башчысы.
Садыр Жапаров бул сейил бак шаардыктардын сүйүктүү эс алуу жайына айланарына үмүт артарын билдирди.
Президент өз сөзүндө Гейдар Алиевдин 1995-жылы Кыргызстанга "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилеген майрамга келгенде: "Биз бири-бирибизди жүрөгүбүз менен сезип, түшүнө алабыз", - деп айтканын эске салды.
Мамлекет башчысы кыргыз тарап дагы азербайжандык боордоштор менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча үзүрлүү иш алып барууга даяр экенин баса белгиледи.