Бүгүн, 12-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы Низами Гянджеви атындагы мектептин ачылыш аземи болуп өттү.
Президенттин администрациясынан билдиришкендей, аземдин жүрүшүндө өлкө башчылар Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев билим берүү мекемесинин имаратын көрүп чыгышты.
Окуу жайдын аянты 2 миң 31 чарчы метрди түзүп, 550 окуучулук орунга ылайыкталган. Мектепте класстардан тышкары чоң жыйындар жана спорттук залдар, ашкана, китепкана, мектептен тышкаркы иштер үчүн кабинеттер жана медициналык бөлүм, гимнастика аянтчалары бар. Мындан тышкары эс алуу зоналары, аймагында унаа токтотуучу жайлар каралган.