УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Түркиянын "Байрактар" орто бийиктиктеги оперативдүү-тактикалык учкучсуз учуучу учагынын "Акынжы" үлгүсүнүн жанынан түшкөн сүрөтүн жарыялады.
“Акынжы” биздики. Боордош элибизге ыраазычылык! 12.10.22", - деп жазды Ташиев Фейсбук баракчасына.
Ошол эле учурда Камчыбек Ташиев Түркиядагы "Байрактар Акынжы" учуу даярдыктары жана сыноо борборунан түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Атайын кызматтын жетекчиси Кыргызстан канча дрон сатып алганын так айткан жок.