Нуржигит Кадырбеков: "Студенттердин 57 пайызы мугалимдер тарабынан ыдык көрсөтүүгө дуушар болушат"

Жаштар укугу боюнча бюронун иликтөөсүнүн жыйынтыгында, Кыргызстанда жогорку окуу жайлардагы мугалимдердин 62 пайызы коррупцияга аралашканы айтылган. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү отурумунда эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Депутат белгилегендей, изилдөөдө студенттер жемкорлуктан кутулуунун чарасы жок экендигин айтышкан.

"Мындан сырткары студенттердин 57 пайызы мугалимдердин, администрациянын кодулоосуна, ыдык көрсөтүүсүнө жана дискриминациясына туш болушканын белгилешкен. Бул өтө өкүнүчтүү жагдай. Жаштар окуу жайдан коррупцияны көрүп чыкса, анан кантип биз таза коом курабыз. Ушуга бир жакшы чара көрөлүчү. Кыргызстанда Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен Борбор Азиядагы Америка университетинде гана коррупция жок экен. Калган бардык өзүбүздүн университеттерде жемкорлук бар", - деди Кадырбеков.

«Изилдөөдө студенттер жемкорлуктан кутулуунун чарасы жоктугун айтышкан»
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2022-10-13 22:25:00
Мугалимдердин айлыгын кыскартып салсанар, кайдагы коррупцияны соз кылып жатасынар. Биринчиден айлык акысын которгуло жетишээрлик кылып, анан мыйзамды иштеткиле, ошондо коррупция токтойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан